Трамптын мурдагы жактоочусу "конгресске жалган айтты" деп айыпталып, үч жылга абакка кесилди

АКШнын президенти Дональд Трамптын мурунку жактоочусу Майкл Коэн үч жылга абакка кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал каржы жагынан алдамчылык кылган деп табылды. Тактап айтканда, шайлоо кампаниясы учурунда акча каражаты жагынан катачылык кетирген.

Ага "шайлоо өнөктүгүнүн эрежесин бузуу" жана "конгресске жалган айтуу" беренелери боюнча айып тагылды. Сот айып пул салып, 3 жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка караганда, Коэл 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Трамп менен жакын мамилеси болгонун айткан эки аялга акча берип, "ооздорун жапкан".

Коэндин жактоочусунун айтымында, ал Трамп менен мамилеси келишпегендиктен командадан чыгып кеткен.

"Ошол бойдон коомчулукка чыкпай, өз иштерин жасап жүргөн" деди жактоочу.

Айыпталуучу Майкл Коэн өзүнө тагылган айыптарды моюнуна алган.

"Менин милдетим - Трамптын кир иштерин жаап-жашыруу болчу", - деген Коэн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан