Москва шаарындагы "Мега белая дача" соода борборунда өрт чыкты. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Өзүм Ысык-Көлдүн кулуну болом. Бул жерге бардык миграннтар сыяктуу эле тиричилик издеп келгем. Аталган соода борборунда күзөт кызматында иштейм. Бүгүн бул соода борборунда болжол менен саат 13:40-14:00 чамасында өрт чыгып, сыртка эвакуацияландык. Бул жакта кыргыздар абдан көп иштешет. Алар дүкөн, ресторан, кассаларда, күзөт кызматтарында эмгектенишет. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Себеби өрт өчүрүүчү каражаттарды дароо иштетип, жалпылап чара көрүп жибердик. Бордордун ичиндеги өрт өчүрүлдү", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.