Азыркы учурда Кыргыз Республикасы санариптик өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, өлкө санариптик өнүгүүнүн төртүнчү баскычына чыгуу зарыл. "Ал үчүн бардык бийлик бутактары бул максатка өзгөчө көңүл буруп, катуу аракет жасашы керек. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү бул баскычтан өтүү үчүн ондогон жылдарды коротушкан. Биз бул аралыкты кыска мөөнөттүн ичинде басып өтүшүбүз зарыл. Жайбаракат жүргөнгө бизде убакыт жок", - деди президент.
Андан соң ал Кыргыз өлкөсүн дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калтырган бир катар көйгөйлүү маселелерди атады. Алар:
* Маалыматтык технологияларды киргизүүнүн каржылоо жагы начар;
* Санариптешүү боюнча стратегиялык документ жок;
* Санариптик кызматтарды көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн; (президент бул маселени "эң кейиштүү" деп сыпаттады - ред.)
* Мамлекеттик органдар өздөрү түзгөн маалыматтардын базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатышат.