Орусияда Кыргыз мамлекетинин 5 миң 483 жараны расмий түрдө "кара тизмеден" чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына миграция кызматынын статс-катчысы Нурбек Шерипов билдирди.
Ал "кара тизмеден" чыккан жарандар кайрадан Орусиянын аймагына кире алышарын белгиледи.
Мындан тышкары статс-катчы "Кыргыз мамлекетинин 100 миңден ашуун жараны Миграциялык мунапыс" мүмкүнчүлүгүн пайдалана алганын айтты.
"Орусиянын ИИМинин маалыматына таянсак, ал аймакта мыйзамсыз 200 миңден ашык Кыргыз жарандары жүрөт деген маалымат бар. Ал эми Кыргыз мамлекетинин 100 миң жараны миграциялык мунапыстан колдонушуп, Орусиянын аймагына кирип-чыгып, миграциялык тарыхын жаңылап алышты. Эми булар кайрадан "кара тизмеге" түшпөйт", - деди Шерипов.
Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги Кыргыз жарандарына карата жарыяланган миграциялык мунапыстын мөөнөтү 10-декабрдын аягында чыккандыгын маалымдады.