Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулованын апасы каза болду. Бул маалыматты куудул Назира Жетигенова SUPER.KG'ге тастыктады.
Маалыматка караганда Динара Акулованы багып өстүргөн апасы Гүлүн Уркешова бүгүн, 14-декабрда Каракол шаарында акыркы сапарга узатылат. Белгилүү болгондой, Гүлүн Уркешова - Динара Акулованын багып чоңойткон апасы. Ал төрөгөн апасынын бир тууган эжеси болот.
Динара Акулова "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде 8 жашынан аны Асыл аттуу таенеси багып чоңойтконун айткан. "Өзүмдүн тапкан апам - Асыл энемдин эң кичүү кызы болот" деген Акулова. Мындан кийин Динара Акулова таежеси Гүлүн Уркешованын колунда чоңойгон. Ал 90 жаш курагында көз жумду.
Ушул жылдын октябрь айында Динара Акулова өз апасынын 80 жылдыгын жана багып өстүргөн апасы Гүлүн Уркешованын 90 жылдыгын белгилеп маараке өткөргөн.
SUPER.KG порталы Динара Акулованын апасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу, аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.