КҮНСЕРЕП: Парламентте Бабановду колдоо баасы Кодурановага вице-спикерлик креслодон айрылууга тете болду

Бүгүн, 14-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеӊешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда өлкөнүн санариптик келечеги талкууланды. Президент өлкөнү 2019-2023-жылдары санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкканын айтып, санарипке өтүүгө мамлекеттик органдарда күчтүү кызыкчылык жок болуп жатканын моюнга алды. Мамлекеттик органдар өздөрүндөгү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн негизсиз чектөөгө аракет кылып жатышканы айтылды. Өлкө жетекчиси "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Азамат Абдыкадыровду жемеледи. "6 айдан бери иштеп жатасыз, бирок жоготуулар азайган жок. Эмне үчүн "бирдиктүү терезе" системин түзбөй жатасыӊар?" - деди Жээнбеков. Расмий маалымат боюнча, санариптик форматка өтүү үчүн акыркы 7 жылда мамлекеттик органдарды маалыматташтыруу ишине эле 50 миллион доллар жумшалган. Коррупциянын жолун бууп, ачык-айкын, коррупциясыз коомду түзүү үчүн санарипке өтүү зарыл. Мындай зарылчылыкты буга чейинки президенттер, өкмөт башчылар деле айтып келишкен. Андыктан Сооронбай Жээнбековдун сөздөрү жаңылык болгон жок. Миллиондогон долларлык каражаттар жумшалды деп отчёттор берилгенине карабай, мамлекеттик мекемелердеги жарандардын маалыматы бирдиктүү терезеге чогулбай жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы өлкөдөгү мектептер электрондук кезек тартиби менен иштеп баштайт, санариптик технология бардык тармакка жайылтылат деп убада берди. Премьер-министр өкмөт жакында "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга киришет дейт. Шаардыктар "Коопсуз шаардын" биринчи этабын көрүп, сезе электе премьер кайдагы экинчи этапты айтып жатканы түшүнүксүз. Мындай долбоорлор коӊшу өлкөлөрдө кыска убакытта ишке ашып, ийгиликтүү иштеп жатат, Кыргыз өкмөтү болсо тендерлер чуусунан өйдө жылбай, 6 жылдан бери ишке ашыра албай жатат.

Жыйында президенттин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду ордунан тургузуп алып урушканы жаңылык болду. Президент "орун басарыӊыз 500 миӊ доллар пара менен кармалды, дүйнөгө шерменде болдук. Жок дегенде тергөө бүткүчө деп кызматтан кете турбайсызбы? 500 миӊ доллар эмне деген акча?!" деп премьер Мухаммедкалый Абылгазиевге Калиловду кызматтан убактылуу четтете туруу тапшырмасын берди. Ушул эле кадамы менен президент өкмөт башчынын иштерине түздөн-түз кийлигишерин, демек, Конституциялык ыйгарым укуктарынан аша чабарын көрсөттү. Дал ушундай аракеттери үчүн Кыргыз коомчулугу буга чейинки президенттерди сындап, өлкөнүн өнүкпөй жатканынын бир себеби катары көрүп келет. Бирок бийлик өткөндөн сабак албай турганын көп ирет көрсөтүүдө.

Өлкө башчысы өкмөт мүчөсүн "шерменде болдук" деп жемеледи. Ошол эле мезгилде Кыргыз бийлигин "дүйнөгө уят кылып жаткан" дагы бир иш боюнча Ак Үй такыр реакция кылбай келет. Ал "шайлоого чейин жана үгүт кампаниясы маалында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун кассасы" делинген файл маселеси. Адахан Мадумаров 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун көмүскө кассасы делинип жарыяланган файл боюнча көз карандысыз комиссия түзүп, чындыкка жетүү зарыл, ансыз бул окуя Кыргыз өлкөсүнүн аброюна чиркөө болот деп чыкты. Ак Үй аны "жалган маалымат" атоо менен чектелүүдө.

Президент "дүйнөгө шерменде болдук" деген окуяга келсек, жакында транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев "Todini" деп аталган италиялык компаниядан 520 миӊ доллар пара талап кылып, анын 50 миӊ долларын алып жатканда кармалган. Ал параны Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 2-фазасынын 3-бөлүгүн куруу боюнча тендерди аталган компаниянын пайдасына чечип берүү убадасы менен алып жатканын УКМК билдирди. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айында Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы "утуп" чыккан. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссиянын курамында Финансы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш да болгон. Бул окуя эки нерсени көрсөттү. Биринчиси - аталган долбоордун ишке ашырылышын жакшылап иликтеп чыгуу зарыл экендиги. Кытайдан жана башка эл аралык каржы уюмдарынан карыз жана грант катары келип жаткан акчанын эсебинен курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу чиновниктерге Бишкек ЖЭБин жаңылоо сыяктуу эле пара алып, акча уурдап баюуга жакшы булак болуп берип жатканы түшүнүктүү болуп турат. Экинчиси - Кыргыз чиновниктерине моралдык жоопкерчиликти сезип кызматтан кетүү жат бойдон калып жатканы.

Жалпылап айтканда, Коопсуздук кеңешинин бул жыйыны өкмөттүк сааттан айырмаланбай, өлкө башчысы болсо өкмөт башчысынын ролуна кирип кеткени менен эсте калды...

Орусияда 5 миң 483 Кыргыз жараны "кара тизмеден" чыкты. Миграция кызматынын статс-катчысы Нурбек Шериповдун айтымында, эми "кара тизмеден" чыккандар кайрадан Орусия аймагына кире алышат. "Орусиянын ИИМинин маалыматы боюнча, ал өлкөдө мыйзамсыз 200 миңден ашык Кыргыз жараны жүрөт деген маалымат бар. Ал эми Кыргыз мамлекетинин 100 миң жараны миграциялык мунапыстан колдонуп Орусиянын аймагына кирип-чыгып, миграциялык тарыхын жаңылап алышты. Эми булар "кара тизмеге" түшпөйт", - деди Шерипов.

Расмий маалыматка таянсак, жыл башында Кыргыздын 77 миӊ жараны Орусиянын "кара тизмесинде" болчу. Июль айында алардын 7 миӊи чыгарылган. Эми 5 миӊи чыкса, дагы 65 миӊдей мекендешибиз тизмеде турат. Кыргыз жеринде жумуш жок, айлык акы аз, андыктан бийлик жарандарынын чет жерде иштөөсүнө, алардын бөтөн жерде укуктарынын корголушуна шарт түзүүгө тийиш. Эл өзүн-өзү багып келе жатат. Чиновниктери 500 миӊ доллар пара менен кармалып, банктык эсептеринен 1 миллион долларга жакын акча табылып жаткан өлкөдө ири завод фабрикаларды куруп, миӊдеген иш орундарын түзүү жакынкы жылдары ишке ашчудай эмес...

КСДП фракциясы Асел Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу чечимине келди. Мындай чечим бүгүн КСДП фракциясынын кезексиз жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынганы белгилүү болду.

Аталган вице-спикер 12-декабрда “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Максат Сабировдун сунушу менен парламенттин күн тартибине Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери боюнча тийиштүү органдардын маалыматын угуу маселесин киргизген. Маселени белгиленген маалда кароого тымызын бут тосуулар болуп, ошол учурда парламент каржы министрин шайлоо менен убара болуп, ал маселе иш күнү аяктаганга чейин созулган. Мурунку күнү Бабанов боюнча маалымат угууга макулдук берилгенине карабай, эртеси төрага Дастанбек Жумабеков бул маселени кайра добушка коюп, аз гана депутат макулдук берип, калганы добуш бербей коюшту.

Кодуранованы болсо Иса Өмүркулов баштаган КСДП фракциясы депутаттар жасашы керек болгон ишти колдогону үчүн, башкача айтканда, президенттик шайлоодо 600 миңдей жарандын добушун алып, экс-президенттин айтымында, саясий негизде кылмыш иши козголуп, куугунтукталган адамдын маселесин кароону күн тартибине киргизгени үчүн вице-спикерликтен алып салмай болушту. Демек, КСДП фракциясы 600 миң Кыргыз жаранынын тандоосу менен эсептешпейт.

Кодуранованын ордуна КСДП фракциясы депутат Аида Касымалиеваны вице-спикерликке сунуштаары белгилүү болду. Бул окуя бийлик кумары буга чейин адам укуктары үчүн күрөшүп келген журналисттерди да көшөгө артындагы интригалардын оюнчусуна айлантарын көрсөттү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан