YouTube`да эң көп "дизлайк" белгиси коюлган видео аныкталды

YouTube`да эң көп "дизлайк" (жактырбоо) белгиси коюлган видео аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, YouTube видеохостингинин 2018-жылдын ичиндеги маанилүү окуяларын чагылдыргын "YouTube Spotlight" каналынын видеосуна 2 миллион "лайк" (жакты), 11 миллион "дизлайк" (жакпады) белгиси коюлган. 125 миллион кароо жараткан видео 6-декабрь күнү жарыяланып, мындай жетишкендикке 8 күндө жеткен.

Видеодо жыл ичинде YouTube`дун колдонуучулары эң көп кароо жараткан түштүк кореялык k-pop музыкалык жанры, "In my feelings" флешмобу, футбол, феминизм, кулинария жана космоско коё берилген Tesla автоунаасы тууралуу баяндалат.

Видеохостингдин буга чейинки антирекорду ырчы Жастин Бибердин "Baby" аттуу клибине таандык болгон. Аталган клипке 8 жыл аралыгында 9,8 миллион "дизлайк", 10 миллион "лайк" белгиси коюлуп, 2 жарым миллиард кароо жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eka.kg
2018-12-14 17:22:16
Силер дагы супердеги эң көп дизлайк алган комментарийди чыгарсаңар.))
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан