КСДП фракциясы Асел Кодуранованы вице-спикерликтен кетирди

КСДП фракциясы Асел Кодуранованы вице-спикерликтен кетирди. Мындай чечим бүгүн, 14-декабрда фракциянын жыйынында кабыл алынганы маалым болду. Жыйында бул маселе жабык каралган. Анын ордуна Аида Касымалиева вице-спикерликке сунушталды.

Аталган маселе эми палатада каралат.

Асел Кодуранова 12-декабрдагы пленардык жыйында күн тартибине Өмүрбек Бабановдун иши тууралуу маселени киргизген.

Төрага Дастанбек Жумабеков бул маселени алгач комитеттерде карап чыгып, андан соң палатага алып келүүнү сунуштаган. Бабановго козголгон кылмыш иштери тууралуу маселени кароого каттоодон өткөн 95 депутаттын 26сы гана добуш берип, маселе күн тартибине киргизилген эмес. КСДП фракциясы Асел Кодуранованын Өмүрбек Бабановдун маселесин күн тартибине киргизип, добушка койгонун демарш катары кабыл алышкан.

Вице-спикерликке сунушталганын Аида Касымалиева ырастады. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан документ келип түшө электигин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан