Талас облусунда 7-класста окуган кызды сабады делген мугалим кайра окуучунун үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Арызда окуучу кыз мугалимди биринчи болуп жаакка чаап жибергени жазылган. Ошондой эле мугалим бул көрүнүштөн кийин нес абалында башка да мугалимдерди чакырып келгенин, кыздын чаап жибергенин класстагы отурган окуучулар да көргөнүн, алар күбө болуп да бере турганын айтып кошумчалаган. Бул окуя териштирилип жатат. Жабырлануучу кыз бул окуя болордон мурун жылгаяк тээп колун кокустатып алганын классташтарына айтканы да маалым болду. Учурда арыздар кабыл алынып тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди басма сөз кызматкери.
"Ошондой эле мугалим тарабынан сабалды делген кыз бир нече ай мурун башка мектептен которулуп келгени да белгилүү болду" деп кошумчалады облустук милиция.
Эске салсак, Талас облусунда 7-класста окуган кыздын апасы мугалимге карата кызынын сабалганын айтып милицияга арыз жазган.