Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: "Күч органдарынын баары президентке баш ийгени үчүн парламент эч нерсе кыла албай жатат"

Жогорку Кеңеш кечээ, 14-декабрда экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ.

SUPER.KG порталынын "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланып калбайбы?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Ал аталган мыйзам долбоору айла жоктон кабыл алынып жатканын айтты.

“Бул мыйзам муктаждыктан келип чыгууда. Ага экс-президенттер өздөрү да себептүү. Буга чейинки президенттер жоопкерчиликке тартылбай калды да. Экс-президент да тынч отурбай саясатка аралашып, “УКМКнын башчысы менен баш прокурорду чакырып, Бабановдун ишин жапкыла дегем” деп мыйзам бузганын айтып салды. Ал мен каалаганымдай кылчу элем деп жатат. Мыйзам ошого кабыл алынып жатат деп ойлойм. Президенттер 6 жылын тынч эле мыйзам чегинде өткөрүп, ардактуу эс алууга кетиши керек. Экс-президенттер бардык кызматта отурушту. Мөөнөтү бүткөн соң жаштар менен жолугушуп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, эс алып, балык уулап эле жүрүшсө болмок.

Экс-президенттерден кол тийбестикти алууну колдойм. Бул кийинкилерге белги болот. 6 жыл кыска экенин билишсин. Бийликте турган президентти парламент көзөмөлдөшү керек. Бирок күч органдарынын баары президентке баш ийгени үчүн парламент эч нерсе кыла албайт. Күч түзүмдөрүн президенттин башкаруусунан алып, парламентке бере турган болсок гана келечекте бир кишиден корко турган маселе жоюлат”, - деди ал.

Саясатчы Таалатбек Масадыков, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Рита Карасартова жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан