Дональд Трамп Владимир Путинге шарт койду

АКШнын лидери Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен кандай шартта жолуга турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Трамптын шартын анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жарыялаган. "Трамп Путин менен жолугушууга Москва Украинанын деңиз аскерлерин бошоткондо гана макул болот", - деген Болтон.
Ал эми Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия бул шарт менен Украинанын аскерлерине карата позициясын өзгөртпөйт деди. "Бул жолугушуу Москвага кандай маанилүү болсо, Вашингтон үчүн да ошондой мааниге ээ", - деди Песков.
Трамп менен Путин 1-декабрда Аргентинада болгон чоң жыйырмалыктын семмитинде жолугушмак. Бирок Украинанын моряктары Орусия тарабынан кармалган соң Трамп жолугушуудан баш тартып, бул план ишке ашкан эмес.
25-ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бара жаткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Украин аскерлеринин баарына өткөн аптада расмий түрдө "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген айып тагылганы белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2018-12-14 19:22:53
Кок беттер!!
+7
kairan_ozum
2018-12-14 23:04:45
Согуштан кудай сактасын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан