Жылдык кирешеси 22 миллион 500 миң долларды түзгөн Кендалл Женнер эң кымбат модель деп табылды

"Forbes" журналы жылдык кирешеси 22 миллион 500 миң долларды түзгөн америкалык Кендалл Женнерди эң кирешелүү деп тапты. Маалым болгондой, аталган басылма жыл жыйынтыгын чыгарып, жыл ичинде көп киреше тапкан моделдердин тизмесин жарыялаган.

Ага ылайык, тизменин экинчи сабынан супер модель Карли Клосс орун алып, анын жылдык кирешеси 13 миллион долларды түзгөн. Ал мындай ийгиликке "Swarovski", "Adidas" жана "Estee Lauder" өңдүү компаниялар аркылуу жеткен.

Кирешелүү моделдердин алдыңкы үчтүгүнө 11 миллион 500 миң доллар каражат тапкан америкалык модель, алып баруучу жана жазуучу Крисси Тайген кирген. Мындан тышкары жыл ичинде ушундай эле көлөмдө киреше тапкан британиялык модель Роузи Хантингтон-Уйатли дагы үчүнчү саптан орун алган.


Андан кийинки орундар 10 миллион доллар тапкан Жизель Бундхен, Кара Делевинге буюрса, тизменин бешинчи сабында Жижи Хадид жайгашкан. Анын жылдык кирешеси 9 миллион 500 миң долларды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан