Талас. Өрт өчүрүүчүлөр 400 миң сомдук мүлктү сактап калышты

Талас облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Тилек Рыспеков билдирет. 21-ноябрда Таласта эки өрт чыгуу катталды. Бири Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында саат 23:40да Оморбек көчөсүнүн №47 үйүндө болуп, от жагылуучу мештин жана түтүн чыгуучу түтүктөрдүн бузулушунан улам пайда болгон тилсиз жоо бир үйдүн чатырын алып кеткен. Материалдык чыгым 21 миң сомду түзүп, ал эми өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгеги менен 400 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Экинчи өрт саат 21:35тер чамасында Талас шаарынын Алымбеков көчөсүндөгү №3-мектептин жанындагы трансформатордук подстанциядан чыккан. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан