Индиянын Чамраджнагар шаарында аш менен тамактанган 7 адам каза болсо, 80ге жакын адам ууланган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Белгилүү болгондой, окуя Чамраджнагар аймагындагы ибадаткананын курулушун баштоо иштерине арналган иш-чарада болгон. Ии-чарага келгендер эти жок аш менен тамактанган. Бирок көп өтпөй эле тамак жегендер кусуп, башы айланып жыгыла баштаган. Дарыгерлер алар тамакка ууланганын айтышкан.
Тамактын кесепетинен 7 адам каза болсо, 11 адамдын абалы оор. Мындан тышкары 80ге чукул киши дарыланууда. Ошондой эле аталган аймактан 60тай канаттуунун өлүгү табылып, алар дагы тамакка ууланганы айтылган.