Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегорду орусиялык актёр Михаил Пореченков "короз" деп атады. Анын мындай билдирүүсү социалдык тармакка жайылып кеткенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мага жөнөкөй, сабырдуу, атаандашына сый мамиле кылган, күчтүү (физикалык жактан эмес) адамдар жагат. Бирок биздин коомдо билеги күчтүү адамдар өтө көп. Макгрегор - "короз" деген ал өз сөзүндө. Актёр Михаил Пореченков ирландиялык мушкерди корозго теңегенин анын Хабиб Нурмагомедовго карата жасаган мамилесинен улам деп түшүндүргөн.
Буга чейин Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедов социалдык тармак аркылуу урушуп кетишкен. Алардын кайым айтышуусуна күйөрмандары аралашып, колдонуучулардын бири Макгрегорго тилин тыюусун айтып, короздун сүрөтүн калтырган. Кийинчерээк социалдык тармактын колдонуучусу чет элдик басылмаларга берген маектеринде Конор Макгрегорду коркок деп айткан.