Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге көрсөтүлгөн ишенбестик колдоо тапкан жок

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге көрсөтүлгөн ишенбестик колдоо тапкан жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Тереза Мэйге карата ишенбөөчүлүк өлкөнү Евробиримдиктен чыгаруу маселесинин айланасында келип чыккан.

"Улуу Британиянын Консерваторлор партиясы Тереза Мэйге ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин карап, добуш берүү жабык өттү. Жыйынтыгында 200 депутат Мэйди колдосо, 117 депутат премьердин отставкасын талап кылган. Бирок Мэй партия лидери катары да, өкмөт башчы катары да сакталып калды. Мыйзамга ылайык, премьер-министрге ишенбестик көрсөтүү демилгеси жыл ичинде башка көтөрүлбөшү керек", - деп жазылат маалыматта.

Тереза Мэй премьер-министр катары 2016-жылдан бери иштеп келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан