Арменияда Пашиняндын партиясы жеңишке жетип, экс-президенттин партиясы утулду

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, премьер-министр Никол Пашиняндын "Менин кадамым" партиясы ири жеңишке жетип, ал эми экс-президент Серж Саргсяндын "Республикасы" бир да мандат алган эмес.

"Менин кадамым" партиясы шайлоочулардын 70,42 пайыз добушуна ээ болуп, 135 мандаттын 88ине жетишти. Ал эми ири ишкер Гагик Царукяндын "Гүлдөгөн Армения" партиясы 26 мандат алса, саясатчы, адвокат Эдмон Марукяндын "Жаркын Армения" партиясына 18 мандат буюрду", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Никол Пашинян премьерликке келгенге чейин президент болуп турган Серж Саргсяндын "Республика" партиясы 5 пайыздык чекти басып өтө алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан