КҮНСЕРЕП: 5 министри кызматтан кетти. Абылгазиевдин премьерлик кызматта калууга моралдык акысы барбы?

Бүгүн, 17-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сереп салабыз.

Бишкекте Ак Үйдүн алдына Кызыл китеби бар жерлерди трансформациялоону талап кылып Сокулук районунун жүздөй жашоочусу митингге чыкты. Алар 5 жыл мурун айыл чарба багытында Кызыл китеби бар жер тилкелерин сатып алышканын, бирок ал тилкелерди турак жай куруу категориясына которуу боюнча өкмөттүн токтому чыкпай жатканын айтып жатышат. Митингге чыккандар Ала-Тоо 3, Ак-Ордо 2, Ак-Ордо 3 аймагында Кызыл китеби жок жер тилкелери трансформацияланып, ал эми Военно-Антоновка айылында Кызыл китеби бар жерлер трансформация болбой жатканына нааразы. Алар колдоруна "Урматтуу президент жана депутаттар, элдин үнүн уккула!", "Сабатсыз чиновниктер мыйзамды бурмалоодо" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Жарандар тарабынан мыйзамсыз басып алынып, үй курулуп калган жер тилкелерин трансформациялоо көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөй. Бул боюнча Ак Үйдүн алдында далай митингдер өттү, талаптар айтылды, шайлоолор алдында убадалар берилди, бирок маселе чечиле элек. Бүгүнкү митингден деле жыйынтык чыгышы күмөн. Учурда өлкөдө айдоо жерлерин башка категорияга которууга мыйзам жол бербейт. 2009-жылы атайын мораторий кабыл алынган. Бирок өлкөдө мораторийлерге карабай өзгөрүүлөр болуп кетерин 2016-жылы өткөн конституциялык референдум көрсөткөн. 2010-жылы өлкөнүн жаңы Конституциясы 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген жобо менен кошо кабыл алынган. Бирок мындай мораторий Конституцияны өзгөртүүгө бөгөт коё алган жок. Бул окуя башка мораторийлерди да аттап өтө берүүгө болот деп жол салып койду.

Быйыл жайында Жогорку Кеңеш жерлерди трансформациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат айдоо жерлерине салынып калган үйлөрдүн жер тилкелерин трансформациялоого уруксат берүү маселеси каралган. Аны менен 40 миңге жакын үй жана 13 миң гектар жер тилкеси мыйзамдаштырылат. Депутаттар бул мыйзамга камтылбай калган башка жер тилкелерин мыйзамдаштырууну күзүндө өкмөт өзүнчө мыйзам менен парламентке сунуштай турганын айтышкан, бирок сунуш келип түшө элек. Жакында Жогорку Кеңеш ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу үчүн Бишкектин четинен 3 гектар жер тилкесин трансформациялоого уруксат берүүчү мыйзам долбоорун талкуулады. Лаборатория Кытайдан алына турган 18 миллион доллар гранттык каражатка Бишкекте сугат жерге курулмакчы. Депутаттар бир лаборатория үчүн сугат жерди башка категорияга которуу туура эмес экенин айтып чыгышты. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Кыргыз өлкөсү үчүн бул лаборатория абдан маанилүү экенин кайра-кайра айтып, долбоорду өткөрүп берүүнү суранды. Депутаттар өкмөткө "грант берип жатат деп эле инвестордун айтканын айткандай орундата бербеш керек" деп сындашып, бирок мыйзам долбоорун 1-окууда өткөрүп беришти. Ал инвестордун каалоосу болчу. Өлкөнүн өзүнүн жарандарынын ушундай эле маселе боюнча өтүнүчүн өкмөт менен Жогорку Кеңеш угабы?...

Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан бошотту.

5-декабрда УКМК транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жатканда кармалганын жарыялаган. Ал Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча тендерде жеңишти убада кылып, италиялык компаниядан 520 миң доллар талап кылып, анын 50 миң долларын алып жатканда кармалды деп айтылды. 14-декабрда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында ушул маселени козгогон президент Сооронбай Жээнбеков министр Жамшитбек Калиловду ордунан тургузуп алып катуу жемеледи. "Орун басарыӊыз 50 миӊ доллар пара менен кармалды. Мен сиздин ордуңузда болсом тергөө жүрүп жатканда кете турайын деп арыз жазмакмын. Дүйнөгө шерменде болдук", - деген эле Жээнбеков. Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Калиловду кызматтан четтетип туруу тапшырмасын берген. Эртеси Калилов кызматта турууга моралдык укугум жок деп арыз жазды. Бул окуя 2016-жылдагы референдумдун негизинде премьер-министрдин бийлиги кыйла күчөтүлгөнүнө карабай өкмөттөгү негизги иштер президенттин буйругу, кийлигишүүсү менен жүрүп жатканын көрсөттү.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул окуяга карата Атамбаевдей эле Сооронбай Жээнбеков да бийликти узурпациялап алды деген пикирин билдирди. Адахан Мадумаров бийлик кээ-кээде чиновниктерди пара менен кармадык деп жарыялап, муну менен коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат деген түр гана көрсөтүп жатканын айтып сындоодо. Министр Калилов да саясий оюн жүрүп жатканын, орун басарынын пара менен кармалышына катышы жок экенин айтып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков чиновник пара алып Кыргызды дүйнөгө уят кылды деп ачууланды. Буга чейин юрист Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун көмүскө кассасы деп файл жарыялаган. Ал файл боюнча талапкердин коротулган каражаты шайлоодо расмий көрсөтүлгөн суммадан 10 эсе ашыкча. Тагыраагы, 24 миллион доллар. Ал файлда аты аталган үч адам өздөрү боюнча жазылган маалыматты, дегеле ал файлда жазылган даталар, өткөрүлгөн иш-чаралар чын экенин айтып чыгышты.

Андыктан президенттик аппараттын ал маалыматты "жалган" деп атап койгону ишеним жараткан жок. Президент өзү бул чуулгандуу файл тууралуу "ак" же "көк" дей элек. Бул маалымат чын болуп чыкса, Кыргыз дүйнөгө чындап шерменде болору анык. Бирок "жалган" деп калтырып коюу президентке аброй алып келбейт. Саясий күчтөр сунуштап жаткандай улуттук комиссия түзүлүп, бул маалыматтын объективдүү иликтенүүсүнө жол берилсе гана эл Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка мыйзам бузбай келгенине ишенмек...

Парламентте депутат Акылбек Жапаров жарандардан акча алууда мамлекеттик оорукана менен менчик оорукананын айырмасы калбай калганын айтып чыкты. Депутат жарандар бекер дарыланабыз деп атайын мамлекеттик ооруканаларга барарын, ал жерде ар бир кабинеттин ичинде көмүскө баалар бар экенин айтат.

Мамлекеттик ооруканаларда жарандын "ыраазычылык билдирер" акчасы болбосо каралбай калары далай ирет айтылып, ар кандай кейиштүү окуялардын мисалында далилденип да келе жатат. Мисалы, жакында Ырысбек аттуу жаран SUPER.KG порталына Бишкектеги ооруканалардын биринде жубайы көз жарганын, төрөткө катышкан врачтар сүйүнчү сураганын, акчасы жок бере албай калса, жубайын ымыркайы менен кошо коридорго чыгарып коюшканын айтып берди. Мындай окуялар жүздөп, миӊдеп саналат. Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлердин жардамы менен ымыркай сатуу фактылары да токтобой жатат. Ар бир жаӊы шайланган саламаттыкты сактоо министри тармакты реформалоону, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууну убадалайт. Өзөктүк тармактар реформаланбаган соң, жаңы министрлердин убадалары деле ишке ашпай, депутаттар алдында сүйлөнгөн кооз сөз бойдон калууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан