Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев: "Президенттин өкмөттүн ишине кийлигишкени - бул Конституциядагы ката"

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Анын айтымында, бир нерсени премьер-министр жасагысы келбесе, Жогорку Кеңеш талап кыла албаса президент колуна алганга туура келет.

"Президенттин өкмөттүн ишине кийлигишкени - Конституциядагы ката. Эгерде парламенттик башкарууга кетип, премьер-министрдин ишине президент кийлигишпей иштей турган болсо анда президентти жалпы элдик шайлоого койбош керек болчу. Жалпы эл шайлаган президенттин ошого жараша ыйгарым укуктары болушу керек. Президенттин коопсуздук кеңешинде премьер-министрге өтүнүчү биздин көз карашыбызда туура эле болгон. Кимдир-бирөө ушундай учурда жоопкерчиликти өз колуна алышы керек да. Премьер-министр жасагысы келбесе, Жогорку Кеңеш талап кыла албаса президент колуна алат да", - дейт Чолпонбаев.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаев, эксперт Руслан Акматбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан