БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Президент министрдин орун басарынын пара алганы боюнча пикирин башкаларга үлгү болсун деп айтты"

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жооп берди.

Ал ар бир жетекчи кол алдындагы командасына жооп бериши керек дейт.

“Президент министрдин орун басарынын пара алганы боюнча пикирин башкаларга үлгү болсун деп айтты. Башка мамлекеттерде “үйүмө барып келейин деп 15 литр күйүүчү майды мамлекеттин акысынан колдонуп койдум” деп кызматтан кетет. Бизде болсо 500 миң доллар сурап жатышат. Бул канчалаган пенсионерлердин акчасына барабар. Президенттин айтканы туура эле болду. “Жетекчи болсоң мындай адамдардын маселесин карашың керек” деп мисал катары айтты. Премьер-министр болобу, министр болобу кадрлар жакпаса иштебеши керек. Кийин эле “анын адамы, мунун адамы” деп баштайт. Унчукпай ишти уланта берсең, демек, ошол командага макул болгонуң да”, - деди ал.

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаев, эксперт Руслан Акматбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан