Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Премьер-министр президенттен башка эч кимди укпай турганын далилдеди"

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан. Мындан улам коомчулук президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алды.

SUPER.KG порталынын "Президенттин премьер-министрдин иштерине кийлигишүүсү өлкөнү кандай жолго алып барат?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдей бийликти узурпациялап жатканын айтты.

"Президенттин министрди иштен алуу боюнча премьер-министрге кайрылганы укуктук жактан да, этикалык жактан да туура эмес болуп калды. Министрдин орун басары пара менен кармалгандан кийин канча күн өттү? Коомчулук министрдин бошотулушун талап кылып жатты. Бирок ал парламентте "мен тазамын" деп койду да. Таза болсо Коопсуздук кеңешинде айтпайт беле? Кийин туура эмес болуп калды деп кетти. Премьер-министр президенттен башка эч кимди укпай турганын далилдеди. Парламенттин, коомчулуктун тили өтпөйт экен. Премьер персоналдык жоопкерчилик тартат. Министрдин катыштыгы барбы деген шек жаралышы мүмкүн эле да. Ошону текшериш үчүн окуя болгондо эле кызматтан кетиш керек болчу. 9 күндө тиешеси болсо да тазалап алды. Министрди кызматтан алуу менен премьер-министрди ким башкарып жатканы билинип калды. Атамбаевдин тенденциялары кайталанып жаткандай. Ал бийликти узурпациялады дегенбиз. Муну өзү да моюнуна алды. Азыркы президент ошону кайталабаса экен деген үмүт бар эле. Бирок Коопсуздук кеңешинде ким бийлеп жаткандыгы билинип калды", - деди Сооронкулова.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий серепчилер Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаев, эксперт Руслан Акматбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан