8 айлык Адылбекова Муслима үй-бүлөдө экинчи кыз. Ыйласа да, күлсө да үнү чыкпай, күнү-түнү тамагына салынган түтүкчө менен дем алат.
Бир жарым айлыгында биринчи жолу тамагына операция жасалган. Аны дарылоо үчүн ата-энеси Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Москва шаарына барышкан. Наристенин атасы Тынарбек Адылбеков кызынын тамагындагы түтүкчөнү ириңдерден ар беш мүнөт сайын тазалап туруу керектигин айтат.
"Буга чейин тамагына эки жолу операция жасалган. Азыр үчүнчү жолу жасатуу алдында турат. Кыргыз жеринде мындай операция жасалбагандыктан биринчи жолу 1 жарым айлыгында Москвада операция жасалган. Оозу, мурду менен дем ала албайт. Ар 5-10 мүнөт сайын тамагы кырылдап калат, аны атайын жабдуу мене күндүз да, түнкүсүн дан тазалап турабыз. Жарым саат уктап, тамагы кырылдап калганда кайра ойгонот. Күндө он зонт алмаштырабыз, ар бири 100 сомдон турат. Фильтри күн сайын алмашат, анын баасы 250 сом. 4 бинт бир аптага жетет. Анын ар бири 36 рубль. Күнүмдүк керектелүүчү каражаттарга 2000 рублдун тегерегинде акча керектелет", - дейт Муслиманын атасы.
Үй-бүлөдө Муслиманын атасы гана иштегендиктен алдыда боло турган операцияга каражат керек болууда. Алардын камсыздандыруу полиси жок болгондуктан ооруканада палатага дагы акча төлөө керек. Маалым болгондой, Муслиманы бир жолку текшертүүгө 84 миң рубль, операцияга 130 миң рубль каражат керек. Мындан сырткары күнүмдүк керектөөлөргө 2000 рублдай каражат зарыл болууда.
Жардам берүү үчүн байланыш телефондору: +792 512 310 13, +792 950 280 14.