Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде сот аткаруучулардын статусу боюнча мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 18-декабрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны өтөт.

Аталган жыйында "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.

Мыйзам долбоору үй-бүлөнү, энени, атаны жана баланы коргоого, алименттик милдеттенмелерди жөнгө салууга багытталган. Мыйзам долбоорунда сот аткаруучуларына алименттик милдеттенмелерге тийиштүү аткаруу баракчаларынын аткарылышына кошумча механизмдер каралган.

Мындан тышкары комитет жыйынында жергиликтүү соттордун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү боюнча маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан