ЖЫЛНААМА, 18-ДЕКАБРЬ: 30 жыл коопсуздук кызматында иштеп, учурда акыйкатчы болуп эмгектенип жаткан Токон Мамытов 65 жашка чыкты

Акыйкатчы Токон Мамытов 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

Мамытов 1975-1979-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун математика факультетин аяктаган. 1980-1981-жылдары Минск шаарында СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун окуган. 1986-1987-жылдары Москва шаарында СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Кызыл-Туу институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1980-жылы Мамлекеттик коопсуздук комитетинен (кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети болуп өзгөргөн) баштап, аталган системде 2009-жылга чейин иштеген.

2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2013-2015-жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ысык-Көл облусунун башчысы, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

2016-жылдын апрелинен тарта Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы болуп эмгектенген.

2018-жылдын сентябрында акыйкатчы болуп шайланган.

Генерал-лейтенант даражасынын ээси. Үй-бүлөлүү.

18-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан