КСДП: "Асел Кодуранованы вице-спикерликтен одоно мыйзам бузуу менен кетиришти"

Асел Кодуранованы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетирүү боюнча КСДПнын фракциясынын отуруму Регламентти жана фракциянын эрежелерин одоно бузуу менен өттү. Бул тууралуу КСДП партиясынын катчылыгы жарыялады.

"Фракциялаштар вице-спикерди Регламентти бузду деп айыпташты, бирок бул чындыкка дал келбейт. 12-декабрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын Өмүрбек Бабановдун маселесин кароо боюнча сунушун Асел Кодуранова күн тартибине киргизген. Кодуранова Жогорку Кеңештин регламентине таянып иш алып барган, эч кандай мыйзамды бузган жок. Ал эми аны кызматтан алуу боюнча КСДП фракциясынын отуруму бир нече мыйзам бузуу менен өттү. Буга байланыштуу фракциянын чечими жарактуу эмес", - деп айтылат маалыматта.

Асел Кодуранова 12-декабрдагы пленардык жыйында күн тартибине Өмүрбек Бабановдун иши тууралуу маселени киргизген. Төрага Дастанбек Жумабеков бул маселени алгач комитеттерде карап чыгып, андан соң палатага алып келүүнү сунуштаган. Бабановго козголгон кылмыш иштери тууралуу маселени кароого каттоодон өткөн 95 депутаттын 26сы гана добуш берип, маселе күн тартибине киргизилген эмес. КСДП фракциясы Асел Кодуранованын Өмүрбек Бабановдун маселесин күн тартибине киргизип, добушка койгонун демарш катары кабыл алышкан.

14-декабрда КСДП фракциясы Асел Кодуранованы вице-спикерликтен кетирген. Анын ордуна Аида Касымалиева вице-спикерликке сунушталган. Бул маселе эми палатада каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан