Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган бардык кардарлар тууралуу маалымат берүүнү талап кылууда

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылууда. Аталган кызматтын банктарга жиберген каты 18-декабрда интернетке жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, бул боюнча буйрук 6-декабрда чыгарылган. Анда мындай иш-аракеттер "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү" боюнча мыйзамды сактоого багытталганы көрсөтүлгөн.

Андан сырткары банктык эсеп жана ячейкалар боюнча реестрди түзүү коммерциялык банктардан Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын аналитиктери тарабынан маалымат алуунун эффективдүүлүгүн өстүрө турганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bazake
2018-12-18 12:56:04
Туура кылат. Элдин акысын жегендер банктарга акчасын жашырып жатса, аны аныктоо керек. Мындан саясат издоонун озу мамлекетке каршы иштегендик болуп саналат.
+3
Erik2018
2018-12-18 12:56:57
Туура мыйзамсыз жол менен байгындарды аныктап, эл алдына алып чыгып ачык айкындуулукту орнотуу керек. Ошондо гана жакшы жылыштар болот деп ишенем.
+1
kechirmeni
2018-12-18 14:20:42
списогун бизге да корсотуп койгула
0
munar1980
2018-12-19 07:17:35
Айыл окмоттордон башташ керек депуттардын ячейкасын текшерсенер эле кытайдын жарым карызынан кутулат элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан