Депутат Өмүркулов Тергөө судьясы институту ишке кирсе коррупциялык көрүнүштөр күчөп кетиши мүмкүн экенин айтты

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Тергөө судьясы институтун ишке киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Анда жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталууда.

Депутат Иса Өмүркулов: "Кошумча штат бирдиктери ачылат экен, бизге ушундай судьялардын кереги барбы? Баары ошол кызматка барам деп коррупциялык көрүнүштөрдү күчөтүп албайбызбы?" - деп сурады.

Жогорку Соттун төрагасынын орун басарынын Каныбек Бокоевдин айтымында, тергөө сотунун жумушу оор, карала турган иштер көп. "Алардын жоопкерчилиги жогору болот, ошондуктан ал кызматка баргысы келгендер аз чыгат. Тергөө судьясы коррупциядан арылуу үчүн киргизилүүдө", - деди Каныбек Бокоев.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору тармактык комитетке айрым маселелерди кайрадан тактап келүү үчүн кайтарып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан