Бүгүн, 19-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү. Бөтөн жер, бөтөн элде жүргөн Кыргыз жарандар өздөрү жашаган жерде жумуш орундары жок болгондуктан мекенинен кетүүгө аргасыз болууда. Дүйнө жүзү боюнча 68 миллион адам мигрант макамына ээ экендигин бүгүн бул темага арналган жыйындын жүрүшүндө БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү координатору Озонниа Ожиело билдирген. Бул темага улай, SUPER.KG порталы Москва шаарында мигрант болуп 7 жылдан бери эмгектенип жаткан Бурул Жаныбекова менен маек курду.
"Жакшы жашоо издеп..."
"2011-жылы 23-сентябрда мигрант болуп Москва шаарына алгачкы жолу аттангам. Айылда жарытарлык жумуш жок, жакшы жашоо эңсеп, балдарыбыздын жаркын келеги үчүн ушул жакта иштеп келебиз. Мындай чечимге келүү оңой болгон жок. Турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, балдарыбыз элден кем болбосун деген ниет менен Москвага келгем. Албетте, эне катары мага аябай эле оор болду. Себеби анда улуу балам 3 жашта болсо, кызым 9 айлык эмчектеги ымыркай болчу. Бери карап күлүп, артты карап ыйлап балдарымды күйөөмө жана кайненеме таштап бөтөн жерге аттангам. Алгач бул жакка жалгыз келгем, жолдошум балдарым болуп айылда калышты. Москвадан өзүмдүн туугандарым тосуп алып, жумушка орношууга жардам беришти. Мага жөлөк болуп, аябай колдоо көрсөтүштү. Алгач бир ишканага тазалык кызматкери болуп жумушка кирдим. 2011-жылы айлыгым 10 миң рубль эле болчу. Аз болгону менен аябай берекелүү эле, азыр андан 5 эсе көп айлык алганым менен берекеси жок. Жаңы жумушка кирип иштеп жүргөндө жанымда туугандарым болгондо алаксып иштеп жүрө берчүмүн. Жалгыз калганда балдарымды сагынып ыйлап, уктабай чыккан түндөр көп эле болду. Ошентип 9 ай жалгыз иштеп жүрдүм, кийин жаныма жолдошум келди.
"Орус тилден кыйналып..."
Башында аябай эле кыйналдым, чынын айтсам, орус тилинен кыйналдым. Оюмду эркин айта албай, мага орусча сүйлөсө жооп бере албай көпкө чейин азап чектим. Тил үйрөнгөн соң жумуштагы кесиптештер менен, башчыбыз менен кыйналбай сүйлөшүп калдым. Анын үстүнө кусалык ичиңден жей бергени жаман экен. Москвага жаңы келген учурда жумушка орношуу үчүн уруксат кагаз керек болчу. Аны алуу үчүн да тааныш-билиш, акча керек эле. Кийин патент менен иштеп калдык. Бажы союзуна киргенден кийин жумушка орношуу бир кыйла жеңилдеди десем болот. Москвада иштегениме 7 жылдын жүзү болду, бул убакыт аралыгында 2 жолу эле жумуш котордум. Учурда экинчи жумушумда иштеп жатам. Иш берүүчүм эмгекчил экенимди, эпчилдигимди көрүп, жылдан-жылга айлыгымды көтөрүп келе жатат. Ал да кызматкерлерди түшүнүп, аларга колдоо көрсөтүүгө аракет кылат.
"Кусалыкты жакшы айлык жеңгенде..."
Бүгүнкү күнгө чейин Москвада бизди кармап турган нерсе - айлык акыбыз. Иштегенибизге жараша жакшы айлык төлөнөт, мынча акчаны Кыргыз жеринде жөнөкөй кызматта таба албайсың. Албетте, баары оңой эмес, таңга маал жумушка кетип, түн жарымында келесиң. Эс алгандай деле болбойсуң, мүмкүнчүлүгү барлар, албетте, бир батирди ижарага алып өз үй-бүлөлөрү менен жашайт. Бирок Орусияда жүргөн мигранттардын басымдуу бөлүгү бир батирде 10-15тен адам жашайт. Көпчүлүк түнкүсүн үйгө уктоо үчүн жана кийим-кече алмаштыруу үчүн эле келет.
Ооруп калган учурларыбыз болот, такыр чыдабай калганда ооруканаларга барып көрүнөбүз. Эгер көп каражат кете турганын алдын ала билсек, айрымдар аны шылтоолоп үйүнө да барып келишет (ред.күлүп). Дарыланып, сагынычын таратып, мекенинин абасынан жутуп анан белин бекем бууп кайра Орусияга жөнөйт. Балага болгон кусалык жаман экен. Учурда балам 4-класста окуса, кызым 2-класста окуп жатат. Өкүнгөнүм, ушунча жыл алардын жанында болбогонум. Алар мен үчүн дале кичинекей сезиле берет. Кээде жашоомо нааразы болуп, кээде каниет кылып, күчтөнүп иштеп келем. Ар дайым балдарымды сагынып, иштейм. Кудайдан элдин жарты наны бүтүн болсо экен дейм тилейм. Ушунча жыл балдарымдан алыс жашап жатканымды ойлогондо өзүмдү-өзүм "алар келечекте жакшы жашоодо жашайт" деп сооротом.