ЭЛДИК КАБАР: "Нарын шаарындагы мал союлуучу жайдан чыккан ыплас суу дарыяга куюлуп жатат" дейт окурман

Нарын шаарынын Городок аймагындагы Боогачы көчөсүндө жайгашкан мал союучу жайдан агып чыккан кир суу түз Нарын дарыясына кошулуп жатат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди. Анын айтымында, кан-зилдин баары дарыяга агып, аны булгап жатат.

"Нарын шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборуна жана башка тийиштүү мекемелерге бир нече ирет жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылышкан. Анын биринде аталган мал союучу жай жабылды деген жооп келген. Мындай жоопко карабастан, ал жер дагы деле иштеп жатат. Мал союучу жайдын айланасында жашагандар каңырсыган жыттан ары-бери өтө албай калдык. Шаардан ылдый жайгашкан таза суусу жок айылдар дарыядан суу алып ичишет. Бул жерди жаппаса дагы, жок дегенде санитардык талаптарга жооп берген шартта иштөөсүн талап кылышы керек болчу. Алар ачык эле канализациянын түтүгүн түз дарыяга чыгарып коюшкан", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Нарын шаарындагы мал сойгон жайдан ыплас суулар дарыяга агып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Begzat1988
2018-12-18 17:43:54
Админ мен элдик кабарга жонотсом чыгарбай койдунарго
0
admin_superstan
2018-12-18 17:46:47
Begzat1988,
Саламатсызбы, купуя кат аркылуу жооп берилди.
0
Batma08
2018-12-18 18:21:34
Мал союп журуп оздору да ХХХХХ болуп калышканго ХХХХ. Бул Суудан ичкендер да барда
+2
Muslim_KGstana.
2018-12-18 20:16:09
Иииии тоооба акча деп адамдар не деген нерселерге гана барбай калды/Эми ушул корунушко кантип адамдык абийири чыдайт дейм да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан