Быйыл 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиевкомандасы менен өкмөткө келген. Андан бери 8 ай өттү, бул убакыттын ичинде 5 министр кызматтан кетти. SUPER.KGпорталынын "Абылгазиевдин өкмөтү жүктөлгөн милдетти аркалай алдыбы?" деген соболуна /Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жооп берди.
Ал парламент Абылгазиевдин өкмөтүнүн бардык сунуштарын колдоп жатканын айтты.
"Өкмөттүн иштешине шарт түзүп берип жатабыз. Азыркы өкмөттүн 5-6 мүчөсү алмашты. Ар кандай себептен кеткендер болду. Талаш-тартыш менен кеткендер дагы болду. Бирок кимисин алып келсе, баарын колдоп келе жатабыз. Жылдын жыйынтыгы менен баа берүү керек. Экономикалык көрсөткүчтөр кандай болгонун жана элдин жашоо деңгээлинде кандай өсүш болгонун көрөбүз. Албетте, көйгөйлөр бар экени коомчулукта катуу талкуу болуп жатат. Бул көйгөйлөрдү жылдын жыйынтыгы менен тастыктап баа беребиз", - дейт Карашев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Умбеталы Кыдыралиев, Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.