Кыргыз өлкөсү жана Өзбекстандын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу боюнча жол картасына кол коюлду

Ош шаарында бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйыны болду. Анда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Документтерге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Жол картасына соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, каратин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

Мухаммедкалый Абылгазиев чектеш аймактагы ишкерлерди активдүү колдоо коңшу облустардын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин бекемдөөгө жана кеңейтүүгө шарт түзөрүнө ишенерин билдирди.

"Автомобиль жана темир жол транспорт тармагы Кыргыз-Өзбек байланыштарынын тутумунда маанилүү болуп саналат. Бул биздин өлкөлөрдү гана эмес, бүтүндөй аймакты бириктире алат. Биздин пикирибизде, аймактагы мамлекеттер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүү механизмдерин активдүү түзүүгө тийиш. Бул өңүттөн алганда ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында биз өзбек кесиптештерибизге жүк ташуучулар үчүн төлөмдү алып таштоону сунуштайбыз. Бул, албетте, өз ара жүк ташуулардын санын көбөйтүүнү жана биздин өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүртүүнү өстүрүүнү шарттайт", - деди премьер-министр.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Кыргыз мамлекети менен өз ара алакаларды жана эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү колдой тургандыгын ырастады.

"Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары көрсөткөндөй, эки жактуу каалоо болсо, ар дайым өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу мүмкүн", - деп баса белгиледи Абдулла Арипов.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, экономика министри Олег Панкратов сөз сүйлөп, ар бир облустун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды сунушташты жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле өзбек тараптан Фергана, Анжиян жана Наманган облустарынын акимдери, тышкы соода министри облустардын жетишкендиктери жана соода-экономикалык мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан