2018-жылы дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 80ден ашык журналист өлтүрүлгөн

2018-жылдын 11 айында дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 80ден ашуун журналист өлтүрүлгөн. Мындай маалыматты эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму жарыялады.

Каза болгон журналисттердин көбү беш өлкөгө туура келет: Ооганстан (15), Сирия (11), Мексика (9), Йемен (8) жана Индия (6). Укук коргоочулар Мексикада куралдуу жаңжал болбогонуна карабай, журналисттер көп өлтүрүлгөнүн белгилешкен. 11 айдын аралыгында уруш жүрүп жаткан аймактарда жалпысынан 44 журналист каза болгон.

Өткөн жылы кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 55 журналист өлтүрүлгөн.

Мындан тышкары учурда 348 журналист камакта. Эл аралык журналисттерди коргоо комитети 3 жылдан бери кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 250 журналист мамлекеттик түрмөлөрдө отурганын, алардын 33ү аял киши экенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
engel
2018-12-19 08:32:16
Уланды да кошпойсунарбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан