АКШнын президенти Дональд Трамп Швейцариянын Давос шаарында өтчү Дүйнөлүк экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу Трамптын басма сөз катчысы Сара Сандерс билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, аталган форум 2019-жылы да 22-25-январда өтөт.
Азырынча Орусия президенти Владимир Путиндин аталган иш-чарага катышары чечиле элек.
2018-жылы өткөн Давос форумуна ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков катышкан. Анда ал Колумбия университетинин улук аткаруучу вице-президенти Жеральд Росберг, Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар, Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили, Эстониянын премьер-министри Юри Ратас, Армениянын премьер-министри Карен Карапетян, Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович жана башкалар менен жолуккан.