Кытайдагы шаарлардын биринде жумуштан келип, байпагын чечип алып, жыттай берген адам ооруга кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Дарыгерге аталган жаран көкүрөк тарабы ооруп жатканын айтып кайрылган. Ага дарыгерлер тийиштүү дары-дармек жазып берген. Бир айдан соң бейтап дары эч кандай натыйжа бербей жатканын, абалы начарлай баштаганын айтып, кайра врачка барган", - деп жазылат маалыматта.
Адистер аны текшерүүгө алып, рентгенге тартышкан. Андан соң өпкөдө жугуштуу оору таркатуучу инфекция бар экени аныкталган.
Бейтап дарыгерге жумуштан келген соң күн сайын байпактарын жыттай берерин айткан. Ошондо врач инфекция анын өпкөсүнө кандай жол менен кирип, ооруну пайда кылганын түшүнгөн.