Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи ирет журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт.
Өлкө башчысына суроо берүү тартиби журналисттер арасында талаш-тартышты жаратты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү алгач жылдагыдай кезекке туруп баштады. Буга президенттик аппараттын басма сөз кызматкери андай кезек менен эмес, тизме менен суроолор бериле турганын айтты. Журналисттер өз ара даярдап берген тизмени басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева жаратпай койду.
Андай кийин Стамалиева кол көтөргөндөргө сөз бериле турганын билдирди. Алдыда турган "Апрель" телеканалынын журналисти Канат Каниметов кезек боюнча суроо берүү сунушун киргизүүгө аракет кылып жатты. Стамалиева анын жанына келип "бул маалымат жыйынга катышып жатканыңа сүйүн" деп айтты.
Журналисттердин нааразычылыгына карабастан суроо берүү тартиби кол көтөрүү менен болот деп айтылды.
Маалымат жыйын саат 11:00дө башталат. Каттоодон 84 маалымат каражаты өткөн.