Бишкек шаарынын тургундары Исабек Олжобай уулу менен Назгүл Жээнбекова экөө тең көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Учурда 2 баланын ата-энеси болгон алар ушул кезге чейин бири-биринин жана балдарынын жүзүн көрө электигин айтышат.
"Мен 18 жашымда кокустан эле көзүм ооруп баштаган. Көз доктурга текшертсем, тез арада операция жасатпасам көрбөй кала турганымды айткан. Жыйынтыгында 1 эмес, 2 жолу операция жасаттым. Бирок тескерисинче таптакыр көрбөй калдым. Азыр жарык менен караңгыны гана айырмалай алам. Ал эми жубайым 1,5 жашында катуу ооруп, андан соң көзү көрбөй калган экен. Экөөбүз тең бири-бирибизди көрбөй эле үйлөнгөнбүз. Учурда 2 балабыз бар. Кудайга шүгүр, алардын көрүүсү жакшы. Айланада болуп жаткан нерселерди бизге айтып турушат", - дейт Исабек Олжобай уулу.
Турмуштун агымы менен жашап, үй-бүлөсүн катардан калтырбай багуу үчүн элге массаж жасап иштеген ал, ден соолугуна байланыштуу жумуштан чыгууга аргасыз болгон. Мындан улам бул үй-бүлө коомчулуктун жардамына муктаж.
"Жакында эле белимде шишик бар экенин билдим. Дарыгерлердин айтымында, аны убагында дарылабаса баспай калышым мүмкүн экен. Азыр бир тууган иним иштеп, үй-бүлө, бала-чакамды бакканга жардамдашууда", - деп кошумчалады ал.
Көзү азиз болсо да, көөдөнү жарык түгөйлөр тууралуу кененирээк төмөнкү видеорепортаждан көрүңүз.