Депутат Рыспаев: "Жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулардын телефонуна дароо СМС жиберүү керек"

"Жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулардын телефонуна дароо СМС билдирүү келип турушу керек". Мындай сунушту депутат Кожобек Рыспаев парламентте "Коопсуз шаар" талкууланып жатканда айтты.

Эл өкүлү жол эрежесин бузган айдоочу айып пул тууралуу маалыматы жок калбашы керектигин билдирди.

"Биздин айдоочулар жаңы кирип жаткан системге көнгүчө көп ызы-чуулар болот. Алар өздөрү барып эле айып пулду төлөй калбайт. Жол эрежесин бузганын билбей жүрө берген айдоочулар айып пул төлөй келгенде шымы жок калбасын. Ошондуктан кечиктирилбестен телефонуна СМС жиберүү керек. Мындай кадамды азыртадан баштап, ишке ашыруу зарыл", - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Benazir08
2018-12-19 14:30:26
Соке айтыптыр Кытайлык кыргызга биз кирише албайбыз деп алар ошол жактын жараны деп бирок бизде жургон кытайлар каптап келатса деле унчукпайт окшойт коншу мамлекет менен жакшы болушубуз керек деп ошону уккандан кийин кыргыз элим тунулсок да болот
+5
Tentek1
2018-12-19 14:31:06
Эн туура.
+1
uli1234
2018-12-19 14:41:26
Сокеге да коментарийлерди ачып койсонор
+1
urmat.kg87
2018-12-19 18:35:17
Туура,антпесе айдоочулар билбей жүрө берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан