Кубатбек Боронов: "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында өлкө аймагынын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат"

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 18-декабрь күнү өлкөгө 37 аппараттык комплекс келип түштү, анын ичинде 10 комплекс Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол чырактарга орнотулмакчы". Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеӊеште өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин маалыматында, 17 комплекс жогорку ылдамдыктагы трассаларга, ал эми 10 комплекс жол эрежелери көп бузулган аймактарга коюлат.

“Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Ал бекитилгенден кийин, болжол менен келерки жылдын январь айынын башынан тарта аппараттык комплекстер орнотула баштайт”, - дейт Шаршембиев.

“Коопсуз шаар” долбоору “Акылдуу шаар” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал ар кандай себептерден улам 7 жылдан бери ишке ашырылбай келген. Анын экинчи этабынын алкагында өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан