Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тынчтык Шайназаров "Коопсуз шаар" долбоору үзгүлтүксүз ишке ашуусу керектигин билдирди.
Эл өкүлү өкмөт башчы отставкага кетсе, долбоордун тагдыры кандай болоруна кызыкты.
"Азыркы өкмөт башчы отставкага кетсе, долбоор иштей береби же аны менен чогуу отставкага кетип калабы?" - дейт Шайназаров.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов долбоор иштей берерин айтып, бирок жаңы келген өкмөт башчыдан дагы көз каранды экенин билдирди.