"Сиз эмне кыйкырасыз?" Депутат Момбеков менен биринчи вице-премьер Боронов парламентте кайым айтышты

"Кызматты алдын ала сатып алып жатасыңар. 5 жылда 5 миллиард сом түшөт деп ким кепилдик берет?" Мындай суроо менен депутат Рыскелди Момбеков биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.

Эл өкүлү "бүгүн турмушка чыккан кызды эртең төрө, анан эгиз төрө деп жатпайсыңарбы" деди.

Боронов: "Биз анткен жокпуз".

Момбеков: "Кайдан билесиңер 5 миллиард сом түшөрүн? Түшпөй калса кантесиңер?"

Боронов: "Бизде техникалык-экономикалык негиздеме бар да".

Момбеков: "Кийинки жылдары аз болуп калышы мүмкүн деп жатат. Анан кантесиңер?"

Боронов: "Аз болот. Ал дагы эске алынган. Ошон үчүн 5 жыл деп эсептелип жатат".

Момбеков: "Компания сотко берсечи?"

Боронов: "Ал келишимде каралган. Компания айып пул элден чогулгандан кийин гана бизден ар бир сүрөт үчүн 211 сомдон ала алат".

Момбеков өкмөттүн маалыматында бюджеттен каражат кетет деп жазылып турганын айтты. Бороновдун маалыматына караганда, ал каражат долбоорго шаарды даярдоо үчүн сарпталат.

Момбеков: "Кетпейт деп туруп, мындай кылган "афёра" да".

Боронов: "Биз эмне жол белгилерин койбошубуз керек беле? Изилдөө жүргүзбөшүбүз керекпи?"

Момбеков: "Сиз кыйкырбаңыз мага!"

Боронов: "Өзүңүз кыйкырбаңыз!"

Момбеков: "Мен сизге суроо берип жатам".

Боронов: "Туура айтыңыз да. Сиз кимсиз мага кыйкыргыдай?"

Момбеков: "А сиз кимсиз мага кыйкыргыдай?"

Боронов: "Мен жооп берип жатам сизге".

Жогорку Кеңеште "Коопсуз шаар" долбоору талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nanei
2018-12-19 13:46:52
Ошентип,ушундай мааниде коопсуз Шаар долбоору талкууланып жатат деп койгула. Айла жок кыргызды жок кылгандар бийлик башында ушиетип отурушат
0
Ice-creme
2018-12-19 13:48:49
Акыя, акыя! Атадан калган кокуй а!
0
Sahka
2018-12-19 14:08:18
Аа айтмакчы олкобуздогу жол белгилердин басымдуу болугунун стандартка жооп беришине кумонум бар да. Кээ бирлерин коруп кулкун да келет.
0
Benazir08
2018-12-19 14:23:25
Боронов жесе дагы бирок татыкьуу иш аткарып жатты. Момбеков лакылдап эле суйлойт бирок иш жузундо эмне кылды озу?
+1
Kyrgyz_bloger
2018-12-19 14:31:05
Айдоочулар даяр болгула беш жылда беш миллиард сом айып тогуш керек жетпей баратса атайы правиланы бузгула.
+2
rysik79
2018-12-19 14:32:23
Момбеков создору менен лев толстой. Чындыгында ... простой.
0
KAYRATBEK
2018-12-19 17:14:00
Момбеков момбеков деп койсо аша чаап баратат.
+1
urmat.kg87
2018-12-19 17:54:27
Парламентте Р.Момбеков, Ж.Акаев, А.Касымалиева ушулар накта депутат деп эсептейм, калганын кечирип эле койгула, ичим жылыбайт.
0
Kroxa
2018-12-20 07:04:12
Жойуп салгылачы кыргызга 120 депутаттын эмне кереги Бар??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан