Москвада өзбекстандык 14 жаштагы өспүрүм бала социалдык тармактагы түз эфирде жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалым болгондой, анын жансыз денеси шаардын чыгыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан табылган. Жанында уюлдук телефону болгон, телефондо ал өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө чыгып жаткан түз эфири сакталып калган.
Полиция баланын жашоосу тууралуу иликтеп, өспүрүмдүн атасы Өзбекстандын жараны, апасы Орусиянын жараны экенин, апасы Москвада кассир болуп иштегенин аныктаган. Ал убактысынын көбүн жумушта өткөрөт, мындан улам баласы көп учурда эркин жүргөн, компьютердик оюндарга алаксып, айрым учурларда алкоголдук ичимдиктерди ичип жүргөнү белгилүү болгон.
Алар үй-бүлөсү менен Өзбекстандан Орусияга, кайра Орусиядан Өзбекстанга жер которуп турушкан. Москвада да туруктуу бир даректе жашашкан эмес, мындан улам уулу окуган мектебин бат-баттан алмаштырып турган. Каза болгон өспүрүм үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон. 16-декабрь күнү дагы спирттик ичимдик ичип алып, 16-кабаттуу үйдүн эң жогорку кабатына чыгып алып, интернетте түз эфирге чыккан. Анда ал баарынан тажаганын айтып, өз жанын кыя турганын билдирген. Анын түз эфирин көрүп жаткан 2 колдонуучу өспүрүмдү оюнан кайтаруу үчүн өз пикирлерин жазганы менен ал бийиктиктен боюн таштап жиберген. Анын түз эфири 3 мүнөткө созулган.