Бүгүн, 19-декабрда парламенттик жалпы жыйында депутат Марлен Маматалиев коопсуздук боюнча коомдук жайларда видеокамераларды орнотуу зарылдыгын айтып, СССР маалынан калган жол белгилерин жаңысына алмаштырууну сунуш кылды.
Депутат 230 миллион сом кандайча үнөмдөлүп калганына кызыкты.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов долбоордун ишке кириши менен бул жагдай боюнча башаламандыктар орун аларын, бара-бара жолго коюла тургандыгын белгиледи.
"Жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 миллиард 550 миллион сом каралган. Сынактын жыйынтыгында орусиялык “Вега” компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткаруууга 2 миллиард 320 миллион сом каражат жумшамак болду же алдын ала болжолдогондон 230 миллион сомго арзан түштү", - деди Боронов.
Талкууда бул долбоорго Бишкек шаарынын бюджетинен каражат жумшалбастыгы белгилүү болду. Ошондой эле “Кыргызтелеком” ишканасы бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жарыяланган сынакка катышып, 2-орунду алып, утпай калгандыгы айтылды.