Орусиянын Кемерово шаарындагы "Тавосочка" деп аталган бала бакчада балаты майрамы өтүп жаткан учурда аяз атанын образындагы адам каза болуп калды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, балаты майрамын видеого тартып жаткан ата-энелеринин уюлдук телефонуна окуя тартылып калган. Анда Орусиянын эмгек сиңирген артисти Валерий Титенко балдардын көңүлүн көтөрүп, балатыны айланып ойнотуп жаткан. Титенко 67 жашта болгон.
Оюн учурунда аяз ата саналуу секунддарга токтоп калып, кийин полго жыгылган. Балдар адегенде бул көрүнүштү балаты майрамындагы атайын программанын бир бөлүгү деп ойлошкон. Бирок майрамга катышып жаткан чоң адамдар оюн эмес экенин түшүнүп, дароо дарыгерлерге кабар беришкен. "Тез жардам" кызматы ыкчам келгени менен, ага жардам берүүгө кеч болуп калган. Маалым болгондой, оюн учурунда актёрдун жүрөк оорусу кармап каза болгон.