Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорунун 1-этабынын жыйынтыгы боюнча 6 айдан кийин маалымат берет

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өкмөт маалымат берди. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Аталган жыйындын жүрүшүндө коюлуучу жабдуулардын баасы боюнча элге кеңири маалымат берүү, долбоорду ишке ашырууну ийгиликтүү баштап кетүү үчүн өзүнчө бир орган же мобилдүү топ түзүү сунуштары айтылды.

Ошол менен катар эл өкүлдөрү “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпай калса, кайсы бир орган жоопкерчилик тартышы керектигин белгилешти.

Өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Ошондой эле токтомго аталган долбоордун 1-этабынын жыйынтыгы боюнча 6 айдан кийин маалымат угуу белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан