Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Жаңы жыл майрамынан кийин 7 күн эс алат

Кыргыз Республикасынын өкмөтү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу тууралуу сунушун колдоого алды. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жарыялады.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтом долбооруна ылайык, 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январын, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майын дем алыш күндөрү кылуу сунушталат.

Аталган документ кызматкерлер тарабынан дем алыш жана жумушчу күнү катары саналбаган майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануусуна багытталган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы №117 "Дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" жаңы жылдык майрам күндөрүнө тийиштүү токтомун кайрадан карап чыкты.

Долбоор аркылуу 25-февралдагы дем алыш күнүн 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнүн 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнүн 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнүн (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которуу сунушталган", - деп билдирген маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жыйынтыгында жарандар 2019-жылдын 1-январынан 7-январына чейин, ошондой эле май айындагы майрамдарга байланыштуу 9-майдан 12-майга чейин эс алышат.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтом долбоору мындан мурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tuigan.
2018-12-19 16:45:00
Кереги жок эле ушул нерсенин!
-3
Nursbaike
2018-12-19 17:12:02
Президенттин суйлогонун жуктоп тургула элдер менен болушуп .
+2
Milashkaa
2018-12-19 21:48:27
Беш кундуктор эс алат да алты кундуктор иштейбиз эшектей болуп
+4
Nursbaike
2018-12-20 10:02:24
Э Кудай ушул супер инфону элдерге кандай мамиле жасаса мамлеккеттен ошондой мамиле болсун .
-1
Aikaaaa
2018-12-20 15:17:46
Nursbaike,түшүнгөн жокмун
0
gul3ina
2018-12-20 10:33:49
Мээни айлантасынар го супер инфо
0
Frunze2
2018-12-20 18:39:44
ХХХХ

Башка соз жок!!!

Эшектей кыйналып иштеген жумушчулар, мугалим, врач ж.б. мээнетин баалап койсонор болбойбу?!!

Алардын майрамдык кундорун чогултуп келип январда топтоп койгонунар ХХХХ!!!

Башка кайсы олко силерге окшоп "крышасы" тайып жатат?!!

ХХХХ

Элди какшаттын го, какшаттын!!! Жаны жылдан кийин ансыз деле 3-4 кун жумуш болбойт, ошондо элдин майрамдык дем алыштары коп корундубу?!!
0
Frunze2
2018-12-20 18:42:54
Жогорку Кенеште эшек жайлоо болуп журосунор го, 120 депутаттан 20-25 депутат келгенин коросун, калганы "оттоп" кеткен болот. Анда калгандар да кааласа ишке келип, кааласа келбесин?!!

Силерди эл ошого шайлады беле?!! Ким силерге мындай укук берди?!! Каалаганда жумушка келип каалаганда кете берсе болот деп?!!

Жумушчулардын бир жылда 5-6 майрамдык дем алыштары болсо, ошолорду тим эле койсонор болбойт беле, ХХХХ!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан