Убактылуу бала багып алууну каалаган 132 ата-энеге сертификат берилди. Бул тууралуу 19-декабрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, министрликке бала багып алуу ниети менен жалпы 211 адам кайрылып, атайын окуудан өткөн соң 132си сертификатка ээ болушту. Алар министрлик менен атайын келишим түзүп, тандоодон өткөндөн кийин 16 жашка чейинки үч баланы багып алуусуна уруксат берилет. Ошол эле учурда алардын үйүндөгү жашы жете элек балдардын саны бештен ашпоосу зарыл.
"Алар багып жаткан балдарды биротоло өздөрүнө алып калышпайт. Болгону убактылуу гана багып беришет. Мисалы, багууга алы жетпей калып же дагы бир максатта чет өлкөгө кетип жатканда кээ бир ата-энелер баласын убактылуу балдар үйүнө таштап коюпшат. Ошондуктан бала балдар үйүндө эмес, үй-бүлөлүк шартта чоңоюусу үчүн ушул багытты күчтөндүрүп жатабыз. Учурда Кыргыз өлкөсүндө мындай багыттагы 7 үй-бүлө бар", - деп билдиришти министрликтен.
Баланы камсыздоо жана ата-эненин эмгек акысы бюджеттен каржыланат.