Республика аймагында 109 үрөн чарбасы 31 миң гектар жерге үрөн өстүрүү менен алектенет

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын “Үрөн жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев үрөндөрдүн сапатын аныктоо үчүн борбордук лабораториялар иш алып барарын билдирди.

"Республика аймагында 109 үрөн чарбасы бар. Алар 31 миң гектар жерге үрөн өстүрүү менен алектенет", - деди министр.

Талкууда мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен эгин айдоо аянттарынын көлөмү көбөйөрү, айыл чарбасында органикалык өсүмдүктөрдүн үрөндөрү менен асыл тукум мал чарбачылыгына артыкчылык берилери айтылды. Бүгүнкү күндө үрөндөрдү сактоочу жайлар дагы даяр экени белгилүү болду.

Эл өкүлдөрү оорулуу үрөндөрдүн өлкөгө кирип кетпөөсүнө кимдир-бирөө жоопкерчиликти алуусу керектигин белгилешти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан