Бүгүн, 19-декабрда "Ош" эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу бир катар каттамдар кармалды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учактар конуучу тилкеде коюу тумандан улам 200 метр аралык гана көрүнүп жатат.
"Новосибирск-Ош каттамы боюнча учкан учак Бишкек аэродромунун кошумча тилкесине конду. Бишкек-Ош-Бишкек каттамдары боюнча рейстердин убакыттары жылдырылды. Бишкек-Ош каттамы боюнча 119-рейс саат 19:00дө, 179-рейсин 19:30да учуруу пландалууда. Ал эми Оштон Бишкекке келе турган 120-рейс менен 180-рейс саат 20:30да учат", - деп билдиришти аэропорттон.