Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети боюнча мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, фонддун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө маселе талкууланат.
Жыйындын күн тартибине 9 маселе коюлган. "2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору, 2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу жана башка маселелер каралат.