Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралат.
Аталган мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети үчүнчү окууда жактырган.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, Түркияда эмгектенген Кыргыз жарандарынын эмгек китепчесине ал жакта иштеген мөөнөтү жазылып, пенсия төлөнөт.